Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

1-сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры  №1-1

 

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо  жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 40-беренесин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын токтомунун негизинде  Дөбө-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк 19 добушуна ээ болгон Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Сатвалдиев Абдижалил Алиевич Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган Сатвалдиев Абдижалил Алиевичке айылдык кеңешке тиешелүү иш кагаздары боюнча иш алып баруу милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрайым:

 Б. Абдувалиева