Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезексиз

4-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы  №04-1

 

Дөбө-Коргон айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө  

 

     Дөбө-Коргон айыл аймагында СПА, ИСКАКБ жана жайыт комитети коомдук бирикмелерин бириктирип, муниципалдык ишканаларды түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары   тарабынан угулуп, талкуулап,   Дөбө-Коргон айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы СПА, ИСКАКБ жана жайыт комитети коомдук бирикмелерин бириктирип, “Дөбө-Коргон” муниципалдык ишканасын түзүү үчүн макулдук берилсин.

2.“Дөбө-Коргон” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча керектелүүчү документтерин даярдоо жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн. 

 

Төрага:

А.Сатвалдиев