Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезексиз

4-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы  №04-3

 

Дөбө-Коргон  айыл аймагында жайгашкан Амир-Темур мектебине кошумча корпус  куруу жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айыл аймагында жайгашкан Амир-Темур мектебине кошумча корпус куруу боюнча сунушу, айылдык кеңештин депутаттары   тарабынан угулуп, талкуулап,   Дөбө-Коргон айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Амир-Темур мектебине кошумча корпус куруу үчүн макулдук берилсин.

2.Амир-Темур мектебине кошумча корпус куруу үчүн керектелүүчү документтерин даярдоо жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнун жетекчилигине сунушталсын.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Сатвалдиев