Редакцияот 10.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезексиз

4-сессиясы

 

2024-жылдын 10-майы  №04-4

 

Дөбө-Коргон айыл  аймагында футболду өнүктүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын   25-мартындагы     “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндөгү” № 81  Жарлыгынын негизинде , “Тепе-Коргон футбол клубу” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын регионалдык лигасына катышуу үчүн 700 миң акча каражаты бөлүп берүү боюнча сунушу, айылдык кеңештин депутаттары   тарабынан угулуп, талкуулап,   Дөбө-Коргон айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Тепе-Коргон футбол клубу” коомдук бирикмесин сунушу эске алынып 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүү боюнча макулдук берилсин.

2.Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде “Тепе-Коргон футбол клубу” эсеп счетуна которуп берүү ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Сатвалдиев