Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги

5-сессиясы

 

2024-жылдын 19-июлу  №5-3

 

Жаңы-Жол айылынын Т.Таштемиров көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө

 

Жаңы-Жол айылынын Т.Таштемиров көчөсүнүн тургундары  160 кВт трансформатор орнотуп берүүгө акча болуп берүүнү сурап жазган арызы айылдык кеңешинин депутаттары  тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айыл   аймагынын    айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы –Жол айылынын Т.Таштемиров көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүп берүү боюнча иш алып баруу ФЭБ башчысына сунушталсын.

2. Бул маселени көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н. Махамматов