Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги

5-сессиясы

 

     2024-жылдын 19-июлу  №5-5

 

Дөбө-Коргон айылдык аймагына караштуу айылдардын Башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба,мамлекеттик  агенттнине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Жаңы-Абад, Жаңы-Жол, Уйгур-Абад, Тепе-Коргон жана Какыр-Пилтан айылдарынын Башкы пландарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айыл аймагынын   айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбө-Коргон айылдык аймагындагы Жаңы-Абад, Жаңы-Жол, Уйгур-Абад, Тепе-Коргон жана Какыр-Пилтан айылдарынын Башкы пландарынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шамшидиновго жана жер боюнча башкы адис И.Тойчиевге милдеттендирилсин

3. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Н. Махамматов