Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезексиз

6-сессиясы

 

     2024-жылдын 9-сентябры № 06-1

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эрке-Кашка, М.Назаров, А.Саламов мектептерин бузуп кайра куруу жөнүндө

 

Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эрке-Кашка, М.Назаров, А.Саламов мектептерин бузуп кайра куруу  жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары   тарабынан угулуп, талкуулап,   Дөбө-Коргон айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эрке-Кашка, М.Назаров, А.Саламов мектептерин бузуп кайра куруу боюнча макулдук берилсин.

.

2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эрке-Кашка, М.Назаров, А.Саламов мектептерин бузуп кайра куруу боюнча керектелүүчү документтерин даярдоо жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Н. Махамматов