Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезексиз

6-сессиясы

 

     2024-жылдын 9-сентябры № 06-4

 

Билим берүү мекемелеринде кесиптик конуш мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын, социалдык – экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө үч тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө

 

Билим берүү мекемелеринде профсоюз уюмунун карамагындагы профсоюз мүчөлөрүнүн эмгегин, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өнөктөштүктү өнүктүрү боюнча айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагасынын ортосундагы тыгыз байланышкан иштерди жүргүзүү максатында 2024-2026-жылдарга карата үч тараптуу келишими айылдык кеңештин депутаттары   тарабынан угулуп, талкуулап,   Дөбө-Коргон айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Билим берүү мекемелеринде профсоюз уюмунун карамагындагы профсоюз мүчөлөрүнүн эмгегин, эмгек укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, өнөктөштүктү өнүктүрү боюнча айыл өкмөт башчысы, мектеп директору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагасынын ортосундагы тыгыз байланышкан иштерди жүргүзүү максатында 2024-2026-жылдарга карата үч тараптуу келишими боюнча макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

Төрага:

Н. Махамматов