Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 10-1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемеге ылайык Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу лизингге кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемеге ылайык Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу лизингге кызматтык унаа сатып алуу боюнча сунуштарды карап чыгып, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемеге ылайык Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу лизингге кызматтык унаа сатып алууга макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтү жогоруда аталган тескемеге ылайык “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКу менен белгиленген тартипте лизинг келишими түзсүн.
3.Жогоруда аталган тескемеге ылайык белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде тиешелүү жылдарга акча каражаты каралсын.
4.Финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |