Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 10-2
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2025-жылдын 17-январында бюджетти бекитүү тууралуу 2-чакырылыштын кезектеги 4-сессиясында атайын техника үчүн каралган 1млн сом акча каражатына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу боюнча токтом кабыл алып берүүнү суралган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана “Бюджеттик кодексине” ылайык, депутаттар карап чыгып жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен лизинг жолу менен атайын техника сатып алуу үчүн бөлүнгөн 1 млн сом акча каражаты таштанды ташуучу атайын техниканы лизинг жолу менен сатып алууга макулдук берилсин.
2.Каражат айыл аймагынын бекитилген бюджетинин сметасына ылайык лизинг келишиминин шарттары боюнча пайдаланылсын.
3.Сатып алуу Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык өткөрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |