Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 10-3
Уйгур-Абад айылындагы Бостон көчөсүнүн № 63/1 дарегинде жайгашкан Турдиева Гулчехранын турак жай жер тилкесин бир бөлүгүн медициналык кызмат (центр) багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Уйгур-Абадайылындагы Бостон көчөсүнүн № 63/1 дарегинде жайгашкан Турдиева Гулчехранынтурак жай жер тилкесин бир бөлүгүн 450,0 чарчы метр жер тилкесин медициналык кызмат багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” 12-беренеси жана “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уйгур-Абад айылындагы Бостон көчөсүнүн тургуну Турдиева Гулчехранын №63/1 дарегинде жайгашкан турак жай жер тилкесин бир бөлүгүнүн багытын медициналык кызмат (центр) багытка өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Уйгур-Абад айылындагы Бостон көчөсүнүн тургуну Турдиева Гулчехранын өзү жашаган №63/1 дарегинде жайгашкан турак жай жер тилкесин 450,0 чарчы метр жер тилкесин медициналык кызмат (центр) багытка өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер тилкесине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер тилкесинин максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |