Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 5-августу № 10-4
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасындагы 5 га жерге кыш заводу курууга макулдук берүү жөнүндө
“Дөбө-Коргон тазалык” ишканасынын жетекчиси М.Касимовдун Алмалык участкасындагы пайдаланууга ынгайсыз жайыт жерлерине инвесторлор тарабынан кыш заводу куруу боюнча 5 га жер тилкеси ажыратып берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана “Жер кодексинин” 35-беренесине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы жайыт катары колдонулуп келген, бирок учурда жайыт катары жараксыз деп табылган 5(беш) гектар жер аянтына кыш заводу курууга макулдук берилсин.
2.Алмалык участкасына кыш завод курууга ажратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Дөбө-Коргон тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Касимовго жана айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |