Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-июну № 8-1
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовдун сунушу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовдун сунушу айыл өкмөтүндө 2-жарым жылдыкка чейин иштердин негизинде калдык акчалардын эсибинен аткарууга алуу зарыл болгон иштерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Кыргыз Республикасынын «Бюджет кодекси» не ылайык, Дөбө-коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2-жарым жылдыкка чейин иштердин негизинде калдык акчалардын эсебинен аткарууга
-К.Мухамедов атындагы орто мектебине навес куруу;
-А.Тохтабаев атындагы орто мектебине спорт аятнчасын чатырын жабуу, асфальт жаткыруу;
-Кызгалдак мектепке чейинки билим берүү уюмуна ашкана куруу, ажатканасына кошумча акча ажыратуу;
-Бал-Бала мектепке чейинки билим берүү уюмуна ашкана жана Аймончок мектепке чейинки билим берүү уюмун пол курууга;
-Көчөлөргө жарыткычтар коюу, лет экранга кошумча акча ажыратуу;
-Айыл өкмөтүнүн имааратын тегерегин тосмолор менен тосуу, ажаткананы калыбына келтирүү;
-Кайрагач –Арык стадионуна каралган акча жетпей турат ошондуктан кошумча акча ажыратуу;
-Айыл өкмөттө жайгашкан каналдарды ремонтоо, жабдуулар менен камсыз кылуу;
-Маданият үйүндө сессия өткөрүү канасын ремонттоо;
-Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын тышкы көрүнүшүн краскалоо, от казан жана жылытуу системасын оңдоо, көмүргө кошумча акча ажыратуу;
- Дөбө-Коргон балансында турган Тепе-Коргон айылындагы Чайхананы калыбына келтирүү;
- Айылдарга зым жана цемент алуу;
-А.Темур атындагы орто мектептин имааратын тегерегин тосмолор менен тосуу үчүн кошумча акча каражат ажыратуу;
-Дөбө-Коргон айыл аймагындагы жеке менчик ээси жок бош жаткан жер тилкелерини муниципалдык менчикке алуу;
-Көз мончок мектепке чейинки билим берүү уюмуна антитеатр куруу иштерди аткаруу максатында жыл башында каралган акча каражаттарын сметаларын жана беренелерин кошумча алымча менен өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.ФЭБ башчысы Т.Акуловго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик-укуктук актыларын негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |