Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-июну № 8-2
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы бош жаткан жер тилкелерин муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовдун сунушу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы бош жаткан жер тилкелерин муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовдун сунушун депутаттар угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы бош жаткан жер тилкелерин муниципалдык менчикке алынсын.
2.Муниципалдык менчике алуу айыл өкмөтүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүн жер адисине жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |