Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-июну № 8-3
Тепе-Коргон айылындагы М.Умаров көчөсү № 321 дарегинде жайгашкан май куйуучу жайдын 966,0 чарчы метр жер тилкесин медициналык центр жана коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Тепе-Коргон айылындагы М.Умаров көчөсү № 321 дарегинде жайгашкан май куйуучу жайдын 966,0 чарчы метр жер тилкесин медициналык центр жана коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”12-беренеси жана “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүнүн тургуну Хасанова Мархобохон Зокиржоновананын Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүндөгү №321 дарегинде жайгашкан май куйуучу жайдын жер тилкесин медициналык центр жана коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүнүн тургуну Хасанова Мархобохон Зокиржоновананын М.Умаров көчөсү №321 дарегинде жайгашкан май куйуучу 966,0 чарчы жайдын жер тилкесин медициналык центр жана коммерциялык багытка өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |