Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-июну № 8-4
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Жаңы-Жол айылынын Жаңы-Чек тургундарынын жазган арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык, Жаңы-Чек тургундарынын жазган арызын депутаттар угуп, талкуулап чыгып, Дөбө-Коргон аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Жол айылындагы наамы жок көчөсүнө Мирзакаримов Жолдош деп наам берүүгө макулдук берилсин.
2.Документтерин даярдоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |