Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-июну № 8-5
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай массивиндеги турак жай куруу үчүн берилип кеткен 180,5 га үлүш жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимовдун сунушу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай массивиндеги турак жай куруу үчүн берилип кеткен 180,5га үлүш жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн сот органдарына кайрылууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысын сунушун депутаттар угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2- июнундагы №45 Жер кодексине ылайык,Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кең-Сай массивиндеги турак жай куруу үчүн берилип кеткен 180,5 га үлүш жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн сот органдарына айыл өкмөтү тарабынан кайрылууга макулдук берилсин.
2.Документтерин даярдоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |