Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июну № 9-3
Араван райондук суу чарба башкармалыгынын 10.06.2025-жылдагы №01-4-21 сандуу катынын негизинде айыл аймактагы сугат суу пайдалануучулар ассоциациясына караштуу ички чарбалык арыктар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна ылайык суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү үчүн айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы ички арык каналдарды Араван райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Баардык өткөрүлө турган ички чарбалык аралык арыктар жана каналдардын сугат суу пайдалануучуларга натыйжалуу жана үзгүлтүксүз жеткерип берүү жагы Араван райондук суу чарба башкармасына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |