Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-июлу № 9-2
Кайрагач-Арык айылындагы Х.Исмаилов көчөсүнүн № 20 дарегинде жайгашкан Абилов Мирзохиджан Халижановичтин турак жай жер тилкесин бир бөлүгүн коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы жөнүндө
Кайрагач-Арык айылындагы Х.Исмаилов көчөсү №20 дарегинде жайгашкан Абилов Мирзохиджан Халижановичтинтурак жай жер тилкесин бир бөлүгүн 306,25 чарчы метр жер тилкесин коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”12-беренеси жана “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач-Арык айылындагы Х.Исмаилов көчөсүн тургуну Абилов Мирзохиджан Халижановичтин №20 дарегинде жайгашкан турак жай жер тилкесин бир бөлүгүн багытын коммерциялык багытка өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кайрагач-Арык айылындагы Х.Исмаилов көчөсүн тургуну Абилов Мирзохиджан Халижановичтин өзү жашаган №20 дарегинде жайгашкан турак жай жер тилкесин 306,25 чарчы метр жер тилкесин коммерциялык багытка өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А.Сатвалдиев |