Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-сентябры № 805-т
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосундагы Статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитети менен Азербайжан Республикасынын
Мамлекеттик статистика комитетинин ортосундагы
Статистика жаатында кызматташуу боюнча
өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитети (мындан ары – Тараптар) статистика жаатында кызматташууну өнүктүрүү, эки өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын чагылдырган эл аралык-салыштырма статистикалык маалыматтарды алмашуу жана эки өлкөнүн статистикалык органдарынын ортосундагы өз ара мамилелерди чыңдоо максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашат:
1-берене
Тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташат:
– эл аралык техникалык кызматташуу программаларына катышуу боюнча биргелешкен аракеттерди колдоо;
– эл аралык статистикалык стандарттарды жана методдорду киргизүү жана колдонуу жаатында тажрыйба жана маалымат алмашуу;
– илимий жана методологиялык изилдөөлөрдө жана өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча башка багыттар боюнча да кызматташа алат.
2-берене
Тараптар статистика жаатында кызматташууну төмөнкүдөй жол менен колдойт:
– статистикалык басылмалар, методологиялык жана башка тиешелүү материалдар менен алмашуу;
– башка Тараптын алдынкы тажрыйбасын үйрөнүү максатында адистер үчүн телеконференцияларды жана окуу сапарларын уюштуруу;
– эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү.
3-берене
Тараптар ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары – Меморандум) алкагында кызматташуу тармактарын жылдык иш пландар аркылуу аныктайт. Иш пландарында максаттуу иш-чаралар, техникалык жана финансылык милдеттенмелер, графиктер жана каттын негизинде макулдашылган башка аспектилер көрсөтүлөт. Иш пландары Тараптар тарабынан бекитилет.
4-берене
Ар бир Тарап ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында коммуникацияларды жүзөгө ашыруу жана ишти координациялоо үчүн өкүлдү дайындайт.
5-берене
Ар бир Тарап ушул Меморандумдун алкагында алынган же даярдалган кандай болбосун купуя маалыматтарды же документтерди өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык натыйжалуу коргоону камсыз кылат.
6-берене
Ушул Меморандум Тараптардын эч бирине экинчи Тараптын кандайдыр бир патенттерин, автордук укуктарын, товардык белгилерин, фирмалык аталыштарын же тейлөө белгилерин пайдаланууга укук бербейт. Башка Тараптын интеллектуалдык менчик укуктарын пайдалануу же Тараптардын ортосунда интеллектуалдык менчикти биргелешип пайдаланууга алып келиши мүмкүн болгон иш менен алектенүү үчүн өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдашуу түзүлүүгө тийиш.
7-берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында иш-чаралардын жана коммуникациялардын жумушчу тили орус тили болуп саналат. Ушул Меморандумга тиешелүү бардык корреспонденция, ошондой эле бардык отчеттор орус тилинде түзүлөт.
8-берене
Ушул Меморандумду чечмелөөдө же колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен жөнгө салынат.
9-берене
Ушул Меморандумга толуктоолор жана өзгөртүүлөр Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн. Мындай толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Меморандумдун 10-беренесине ылайык күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене
Ушул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да ушул Меморандумдун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 6 (алты) ай мурда башка Тарапка аны токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
20___ ____ __________ ___________ шаарында кол коюлду, эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.