СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 21-февралы № 3/1-28
Жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Тельман айылындагы Школьная көчөсүнүн №27 жайгашканКарыпбай Курманов атындагы жана Рот-Фронт айылындагы Школьная көчөсүнүн № 5а жайгашканД.Мамашеваатындагы жалпы билим берүү мекемелеринмамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 18 беренесине ылайык, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагындагы Карыпбай Курманов атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 50842,50 чарчы метр жерди бекитип берүүгө уруксат берилсин.
2. Сын-Таш айыл аймагындагы Д.Мамашева атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 15241,59 чарчы метр жерди бекитип берүүгө уруксат берилсин.
3. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жогорудагы жер участогун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө кайрылуу жасалсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
|
Джолдошбеков Э.Б. |