Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-марты № 4/2-28

Сын-Таш айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуужөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 сандуу “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомунун 1-тиркемесинин 8 пунктуна ылайык, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын эске алып жана талкуулап Сын-Таш айылдык Кеңешитоктом кылат:

1. Сын-Таш айыл аймагына караштуу Юрьевка айылында “Сын-Таш – Таза аймак” аттуу муниципалдык ишкана ачылсын.

2. “Сын-Таш – Таза аймак”муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин, юстиция министрлигинин каттоосунан өтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын К.А.Төлбашиевке   жүктөлсүн.

 

 

Сын-Таш айыл кеңешинин

төрагасы:

 

 

Джолдошбеков Э.Б.