БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 23-майындагы № 1
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы жаңы курула турган эл аралык аэропортко баруучу жолду трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/421 19.05.2023-жылдагы “Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы мамлекеттик менчикте турган №26-контурундагы 1,70 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 1,10 гектар суу каналы, №157-контурундагы 3,0 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 0,30 гектар суу каналы, 0,30 гектар бадалдуу дарактары, №258-контурундагы 0,50 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 0,50 гектар суу каналы, 0,10 гектар бадалдуу дарактары ээлеген айыл чарба жерлерине эл аралык маанидеги аэропортуна баруучу жолду кеңейтүү үчүн Айыл чарба жерлери категориясынан, Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которуу макулдук берүү жѳнүндѳ” кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ой-Талаа участкасындагы мамлекеттик менчикте турган №26-контурундагы 1,70 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 1,10 гектар суу каналы, №157-контурундагы 3,0 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 0,30 гектар суу каналы, 0,30 гектар бадалдуу дарактары, №258-контурундагы 0,50 гектар айыл чарбасынын сугат айдоосу, 0,50 гектар суу каналы, 0,10 гектар бадалдуу дарактары ээлеген айыл чарба жерлерине эл аралык маанидеги аэропортуна баруучу жолду кеңейтүү үчүн Айыл чарба жерлери категориясынан, Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |