СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-апрели № 13/3-28
Чүй облусунун Ысык-Ата районунунСын-Таш айыл аймагынынчек араларын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сын-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгыпжана талкуулап Сын-Таш айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Сын-Таш айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Сын-Таш айылдык кеңешинин төрагасына жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
|
Джолдошбеков Э.Б. |