Загрузка документа…
ВОЗНЕСЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2015-жылдын 3-июлу № 116/XXVIII-3-VI
Эко-этнотуристтик комплексти куруу үчүн жайыт тилкесин берүү боюнча
Эко-этнотуристтик комплексти куруу үчүн Суусамыр өрөөнүндөгү “жайыт” жеринен жер участогун айыл чарба багытындагы эмес жерлерге которуу жөнүндө Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну О.Садыбакасованын Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү 159-чакырымынан “ Эко-этнотуристик комплекс куруу үчүн жайыт тилкесин берүү боюнча” арызын карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана “Жерди бир категориядан башка категорияга которуу( трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын токтомун жетекчиликке алуу менен 2010-жылдын 8-декабрындагы № 312 жердин башка түрүнө же бир түрүнөн башка түрүнө которуу мыйзамынын негизинде ;
Вознесеновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Панфилов райондук мамлекеттик администрациясына Суусамыр өрөөнүндөгү 0.5 га аянттагы жайыт жерин айыл чарба багытындагы эмес жерлерге Эко-этнотуристик комплексти куруу үчүн трансформациялоо маселесин чечип берүү үчүн өтүнүч менен кайрылуу.
Вознесеновка айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Сеитов |