Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №4
«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин «Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Сыргабаеванын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
· Абдуллаев Шарипмамат-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери;
· Амираев Икрам Батырбекович-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери;
· Джумашев Асымкул Алыбекович-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;
· Джусупбеков Болот Джаныбекович-Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин мамлекеттик жөнгө салуусунун мыктысы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары;
· Досмамбетов Каныбек Моңолдорович- Кыргыз Республикасынын «Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги», Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
· Исмаилов Нурбек Сапарбекович-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызметаллпром” мамлекеттик иш канасынын директору;
· Камчибекова Нуржамал Матисаковна-Кыргыз Республикасынын «Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги», «Улуттук коопсуздук органдарынын эмгек сиңирген ардагери», Улуттук коопсуздук комитетинин отставкадагы подполковниги.
· Кошназаров Муратбек Коконович- Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын ардактуу кызматкери, Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынын көзөмөлчүсү;
· Малюженко Виктор Викторович-“Сляванская диаспора” ассоциациясынын Жалал-Абад облусундагы президенти;
· Маматалиева Гульнара Ашимбаевна- Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери”;
· Мусаева Саламат Аскаровна- Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун отличниги”;
· Осмонов Раззак Ахматкулович- Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкери;
· Сатыбалдыева Зурахан-Кыргыз Республикасынын Эл агартуунун отличниги;
· Уметов Усенбек Сулайманович- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги», Кыргыз Республикасынын «Финансы экономикалык тармагынын мыкты кызматкери», «Жаратылышты коргоонун мыкты кызматкери».
· Эрматов Нурдин Манапович- Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери”, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин экс төрагасы;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |