Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 23-майындагы № 13

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында “Тиричилик таштандыларын чогултууну ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу”боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жана миилдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын тиричилик таштандыларын жыйноону,ташып чыгаруунун жана жок кылуунун уюштуруу чаралары жөнүндө кайрылуусу боюнча Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “Тиричилик таштандыларын чогултууну ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу”маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Бекитилген функцияларды аткаруу,тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткаруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин экономика маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Ж.Сейдахматов