Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №6
«Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5731 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун сунушун эске алып Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында талкууланып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №9б дарегинде жайгашкан Айеркен Айхамайтибайкеге таандык (идентификациялык номери 3-10-01-0017-0787) 2350,00 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин жана Ж.Бакиев көчөсүнүн №13е дарегинде жайгашкан Д.Досмуратовго таандык (идентификациялык номерни 3-10-03-0014-1833) 586,80 чарчы метр жеке менчик жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Промзона көчөсү №3и/8 дарегинде жайгашкан 1695,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Айеркен Айхамайтибайкеге жана Курманбек №4А дарегинде жайгашкан 580,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Д.Досмуратовго Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |