БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИНVII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI–СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 23-майындагы № 14
Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2023-жылдын 19-майында Октябрь айылынын маданият уйундо болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу М.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2024-
жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 37168,6 миң сом, 2025-жылга божомолу 38494,6 миң сом, 2026-жылга божомолу 38494,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2024-жылга долбоору 37168,6 миң сом, 2025-жылга божомолу 38494,6 миң сом, 2026-жылга божомолу 38494,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Сейдахматов |