Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №8
«Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5727 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында талкууланып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Абдурахманов көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 4000,0 чарчы метр жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад филиалына жаӊы административдик имарат курууга мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) жерди өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |