Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №9
«Автоунааларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.08.2025-жылдагы №01-18/5125 сандуу каттын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясына демөөрчүлөр тарабынан акысыз берилген төрт даана 2025-жылы чыгарылган “CHANGAN-X5 PLUS” үлгүсүндөгү жана бир даана 2025-жылы чыгарылган “Лада Нива” үлгүсүндөгү автоунааларды Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктөрдү кабыл алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |