Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №10
«Электр жабдууларды Көк-Арт райондук электр тармактар
ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.09.2025-жылдагы №01-18/5406 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына 2020-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган электр мамычаларына электр чубалгыларын тартуу үчүн №1-тиркемеге ылайык Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Электр жабдууларды Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын башчысына (Т.Джээнбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |
| Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 18-сентябрь 2025-жылдагы кезексиз XV сессиясынын №10-токтомуна №1-тиркеме
|
Көк-Арт райондук электр тармактар ишканасынын балансына
өткөрүлүп берилүүчү электр мамычаларынын саны
№ | Дареги | Мамычалардын саны | Көчөнүн узундугу |
1. | Камандар айылы М.Молдобаев көчөсү Т.Сабиров көчөсү Т.Закирова көчөсү К.Маатжакыпов көчөсү Качкынчы-3 көчөсү |
13 даана; 17 даана; 12 даана; 14 даана; 8 даана. |
550 м 750 м 500 м 550 м 350 м |
2. | Кызыл-Суу 2 айылы К.Атикеев көчөсү И.Апышев көчөсү М.Курбанов көчөсү Дүйшөнбиев көчөсү |
8 даана; 8 даана; 13 даана; 14 даана. |
350 м 350 м 520 м 600 м |
3. | Качкынчы айылы К.Малабаев көчөсү А.Шайдуллаев көчөсү |
15 даана; 10 даана. |
700 м 500 м |
Жооптуу катчы
|
Осмонова Г.О. |