М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 119
“Тургунбаев Таабалды Молдокеримовичке Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”
Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы Орозбеков Ратбектин билдирүүсун угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22 -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. Кара-Күнгөй айылынын жалпы элдик жыйынынын №13 20-сентябрь2023-жылдагы токтомунун негизинде Тургунбаев Таабалды Молдокеримовичке Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтому колдоого алынсын.
2. Тургунбаев Таабалды Молдокеримовичке -Кара-Күнгөй айылынан 2-жолу депутат болгонун ,көп жылдык үзүрлүү иштери,демөөрчүлук иштерин эске алуу жөнүндөгу Кара-Күнгөй айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
8. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Төрайым: | Р.Токтоназарова |