Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 22-сентябрындагы № 120

Мадышова Индракан Жийдебаевнага Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”

Ак-Тектир айылынын айыл башчысы Кадыров Майрамбектин билдирүүсун угуп жана талкуулап, М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 22 -сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т;

 

1. Мадышова Индракан Жийдебаевнага Ак-Тектир айылынын жалпы элдик жыйынынын №10 20-сентябрь 2023-жылдагы токтомунун негизинде Мадышова Индракан Жийдебаевнага Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтому колдоого алынсын.

2.Ак-Тектир айылынан 2-жолу депутат болгонун ,көп жылдык үзүрлүү иштерин эске алуу жөнүндөгу Ак-Тектир айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.

8. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

Төрайым:

Р.Токтоназарова