Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/29
«Туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрында 01-5/04-токтому менен бекитилген шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттарды чыгаруу жана жаңыдан шайланган депутаттарды туруктуу комиссиялардын курамына кошуу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү Тагаев Алманбет жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү Абдимуратов Адилет, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу аталган комиссия курамынан чыгарылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына жаңыдан шайланган депутат Макаев Азизбек Абдрасулович жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына жаңыдан шайланган депутат Орозматов Садирбек Кадыржанович мүчө болуп кошулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.К.Орозовага милдеттендирилсин.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |