Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/30
«Шаардын баштапкы планына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндөгү Областар аралык ден соолукту калыбына келтирүү Борборунун ээлеген жер тилкесиинин ичине Мамлекеттик ипатекалык компания, көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап кайрылгандыгы боюнча жана курулуш иштерин баштоого архитектуралык иш кагаздарын даярдоодо шаардын баштапкы планын өзгөртүп берүү сунушунун негизинде, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашка Областар аралык ден соолукту калыбына келтирүү Борборунун ээлеген жер тилкесиинин ичинен күн батыш тарабынан 1,18га жер аянтына Мамлекеттик ипатекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу турак үй куруу үчүн архитектуралык документтерин (акт разделение) даярдап берүү жагы Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура Башкармалыгынан суралсын.
2. Шаардын Токтогул көчөсүндөгү Областар аралык ден соолукту калыбына келтирүү Борборунун ээлеген жер тилкесиинин ичинен 1,18га жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүүгө шаардын баштапкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн шаардын баштапкы планын даярдаган автор (долбоордун автору) менен макулдашып өзгөртүү киргизүү жагы Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура Башкармалыгынан суралсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын баштапкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |