Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/32
«Кыркылган бак-дарактарды таратуу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Шаарыбыздагы куураган бак-дарактарды кыркып социалдык жардамга муктаж болгон жалгыз бой, жетим-жесирге жана жакыр үй-бүлөөгө берүү боюнча «Таза шаар» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин сунушуна ылайык, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Шаарыбыздагы куураган бак-дарактарды кыркып социалдык жардамга муктаж болгон жалгыз бой карыларга, жетим-жесирге жана жакыр үй-бүлөөгө берүүдө мэриянын социалдык маселелер боюнча адистери тактап, сунуштаган тизмеге ылайык мэрдин буйругу менен таратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын шаар мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |