Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/34
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жаштарын, спорттун бокс түрү боюнча машыктыруучусу, көптөгөн сыйлыктардын ээси, ардактуу эс алуудагы тургуну Жапаров Арыпжан Кудайбердиевичке, Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга берген мэриянын сунуш катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаарыбыздын тургундарына Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга берген мэриянын сунуш каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын ардактуу эс алуудагы тургуну, ардагер Жапаров Арыпжан Кудайбердиевичке Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |