Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 25-апрелиндеги №01-5/35
«Жаңыдан курулган муниципалдык
балдар бакчасына ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин, Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүндө жаңыдан курулуп бүткөн муниципалдык балдар бакчасына ысым ыйгаруу боюнча ооз эки сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан курулуп бүткөн муниципалдык балдар бакчасына ысым ыйгаруу боюнча Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ооз эки кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын И.С.Тургенев атындагы көчөсүндө жаңыдан ачылган муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна «Керемет балдар» атындагы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюму аталышы ыйгарылсын.
3. Жаңы ачылган муниципалдык балдар бакчасынын Уставын даярдоо жана каттоодон өткөрүү балдар бакчасынын директоруна жүктөлсүн.
4. Жаңы ачылган балдар бакчанын Уставын даярдоо жана каттоодон өткөрүү жана штамп алууга кетүүчү акчалай чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо мэрге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |