Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/3
2025-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана
2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине негиз, Кербен шаарынын мэринин 19.02.2025-жылдагы № 01-20/118 сандуу кайрылуусун, Кербен шаардык Кеңешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Кербен шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү 135351,6 мин сом, анын ичинде жергиликтүү салыктар жана салык эмес кирешелер 123843,9 мин сом,тендөөчү грант 11507,7 мин сом, атайын каражат 24175,0 мин сом болуп бекитилсин. (№1 тиркеме)
2. 2025-жылга Кербен шаарынын мэриясынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 135351,6 мин сом, атайын каражатынын чыгашасы 24175,0 мин сом болуп бекитилсин.(№2,3 тиркемелер).
3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан берилүүчү тендөөчү грант биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшоону Кербен шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
4. 2026-2027-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүктөрүнүн болжолу:
кирешелер боюнча: 2026-жылга – 158 327,4 миң сом суммасында;
2027-жылга – 171 522,3 миӊ сом суммасында; (№4тиркеме)
5. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык, жалпы Кербен шаарынын
бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө – 800 миң сом
эсебинде резервдик фонд түзүлсүн, анын ичинен 500 миӊ сом мэрдин жана 300 миӊ сом шаардык Кенештин төрагасынын резервтик фонду деп эсептелсин жана бул акча каражатын Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлоруна багыттуу каржылоо белгиленсин.
6. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын
юбилейлерин каржылоого тыюу салынсын.
7. Кербен шаарынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө сый акы жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом каралсын.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев