Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы №01-5/36
«2025-2026-жылдарга «Мамлекеттик социалдык заказ» жөнүндө
Мыйзамынын программасынын долбоорун ишке ашыруу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ» жөнүндө Мыйзамынын 2025-2026-жылдарга Кочкор-Ата шаарында ишке ашыруу боюнча программасын долбоорун ишке ашыруу сунушун жана долбоорду ишке ашырууга акча каражатын бөлүп берүүгө жазган кайрылуусунун негизинде шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адистери сунуштаган Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ» жөнүндө Мыйзамынын 2025-2026-жылдарга Кочкор-Ата шаарында ишке ашыруу боюнча программасын долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү 900 000(тогуз жүз миң)сом акча каражаты Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жыл башында бекитилген социалдык бөлүм үчүн каралган сумманын ичинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |