Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы №01-5/39
«Участкалык шайлоо комиссияларынын схемаларын
жана чек араларын белгилеп бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында, Жер ресурстары агенттигинин Ноокен филиалынын адистери менен биргеликте участкалык шайлоо комиссияларынын чек араларынын такталган схемасын талкуулап, Кочкор-Атьа шаарынын Свердлов көчөсүндөгү 32 (отуз эки) үй жайгашып анын 13 (он үч) үй № 2189 «Борбордук» шайлоо участкасына бөлүнүп калган 19 (он тогуз) үй № 2192 «Рахманжан» шайлоо участкасына бөлүнүп калгандыктан жалпысынан 32 (отуз эки) үйдү толугу менен № 2189 «Борбордук» шайлоо участкасына жылдырылгандыгын белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарындагы Свердлов көчөсү толугу менен «Борбордук» 2189 участкалык шайлоо комиссиясынын карамагына жылдырылып бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын чек араларынын өзгөртүү киргизүү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |