Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы №01-5/40
«Максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык КеңешининXXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнун Ленин көчөсүндө жайгашкан аянтты 6049,7 кв. метр жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын көп кабаттуу турак үй курууга өзгөртүп берүүнү сураган арызынын негизинде шаардык мэриянын кайрылуусуна берген, шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнун арызы канааттандырылсын.
2. «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнун Ленин көчөсүндө № 4б дарегинде жайгашкан аянтты 6049,7 кв. метр жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багыты көп кабаттуу турак жай курууга архитектуралык талаптарды сактоо менен өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүүнү(шаар куруу кеңешинин чечими) райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, курулуш, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |