Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/6

 

Кербен шаарынын мэриясынын Хельветас уюмуну каржыланып жаткан муниципалдык кызматкерлердин, өкүлчүлүктүү органдын өкүлдөрүн, коомчулуктун активисттердин дараметин жогорлатуу үчүн окуу-семинарларды өткөрүү үчүн 125,0 мин сом акча каражатын атайын киреше жана чыгаша бөлүмүнө план коюуга макулдук берүү жөнүндө

 

       Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 19-февралындагы № 01-20/353 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.    Кербен шаарынын мэриясынын “ХЕЛЬВЕТАС” уюму тарабынан “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында муниципалдык кызматкерлердин дараметин жогорулатуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин атайын каражат бөлүгүнө киреше-чыгаша жагына тен кошумча план коюп, жумшоого макулдук берилсин.

2.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

           Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев