Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы №01-5/42
«Жергиликтүү демилгелерди тандоого жана каржылоого
акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы, Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүүгө суранып жазган шаардык мэриянын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү демилгелерди тандоого жана каржылоого керектелүүчү 500 000(беш жүз миң)сом акча каражаты Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жыл башында бекитилген аппараттын түрдүү чыгымдары үчүн каралган сумманын ичинен бөлүнүп берилсин.
2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык иш алып барууну шаар мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |