Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/8

 

Салык кодексине өзгөртүү киргенине байланыштуу турак-жай имараттарына жана курулмаларына болгон мүлк салыгына ставкасын бекитип берүү

 жөнүндө

      

       Мамлекттик салык кызматынын Аксы району боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 12-июлдагы № 01-8/545 кайрылуусуна жана Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 19-февралындагы № 01-20/355 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.      Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу Кербен шаарындагы 270 чарчы/метрден ашкан турак-жайлардын жана курулмалардын ар бир чарчы/метрине салыктын ставкасы 30 сом деп белгиленсин.

2.      Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.      Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

           Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев