Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/9

 

Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга Муниципалдык кызмат

көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитип берүү жөнүндө

 

Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 17-февралындагы № 01-20/338 сандуу катын, Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 3 -токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.    Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга Муниципалдык кызмат

көрсөтүүлөрдүн реестри бекитип берилсин (тиркеме).

2.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

           Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев