Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

Т О К Т О М

2025-жылдын  27-февраль №4/14

 

Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен Өлөн-Булак айылына мектепке чейинки бала бакчага иммарат сатып алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомдун, Кербен шаарынын мэринин 2025-жылдын 17-февралындагы № 01-20/338 сандуу катына негиз Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-февралында № 3 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылга жиргиликтүү бюджеттин

эсебинен Өлөн-Булак айылына мектепке чейинки бала бакчага 7200,0 мин

сомго иммарат сатып алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад

областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө

      кирет.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеӊештин

экономика, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу

комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

   Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев