Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 27-июнундагы №01-5/44
«Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан
келген акча каражаты жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан шаарыбыздын Пионер, Тургенева, Луговая жана Садовая көчөлөрүндөгү төрт кабаттуу үйлөрдүн тышкы келбетин капиталдык ремонттон өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттын, 2025-жылдын 23-январындагы № 01-5/ 09 сандуу токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше бүлүгүнө кириштеп жана 2025-жылдын иш-планына кошуп берүүнү сураган мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан келген 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражаты 2025-жылдын 23-январындагы № 01-5/ 09 сандуу токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше бүлүгүнө кириштелсин.
2. Шаарбыздагы төрт жана беш кабаттуу үйлөрдүн тышкы келбетин капиталдык ремонттон өткөрүү иштери 2025-жылга бекитилген иш-планга кошумча киргизилсин.
3. 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражатын курулуш иштери беренесине кошумча бекитип берүүнү Ноокен райондук финансы Башкармалыгынан суралсын.
4. Каралган акча каражатын өз багытында туура пайдаланууну шаардын мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |