Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 27-июнундагы №01-5/45
«Кочкор-Ата шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында турган мүлктү, муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында турган кыймылсыз мүлктү, муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусунун негизинде, шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагындагы муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |